7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Берлинге расмий сапар менен барды

310

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) келди.

Мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. 

Президент Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык Канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. 

Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

311