7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

593

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу эжей-агайлар! Өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү!

Келечегибизге билим үрөнүн сээп келе жаткан замандашыбызды: бала бакча тарбиячылары менен мектеп мугалимдерин, кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен профессорлорун, жалпы эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы — Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор. Мына ошондуктан мугалимдер менен окутуучулардын мээнети терең сыйга татыктуу.

Жалпы адамзаттын баалуулуктарын, улуттук наркты жаш муундардын кан-жанына сиңирип, адамзаттын басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги мүмкүнчүлүктɵрүн окутуп үйрөтүүдө сиздердин ролуңуздар абдан чоң.

Мектеп баштаган билим берүү мекемелеринде балдар өз өлкөсүнүн тарых-таржымалын, эне тилин, маданияты менен каада-салтын окуп-үйрөнүүнүн негизинде өзүн жаран деп таанып билет, Кыргызстан калкынын биримдигине жооптуу экенин сезип-туят.

Улутуна, ишенимине, тилине карабай, кыргыз жараны катары мекенчилдик, атуулдук, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимдери калыптанат.
Жаштарыбыз дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда албан-албан ийгиликтерге жетишип жатышат.

Мында урматтуу мугалимдерибиздин эмгеги зор.

Билим берүү тармагын өнүктүрүү менен азыркы замандын чакырыктарына жооп берүү мүмкүнчүлүгү жаралат деп ойлойм. Мунун аркасында өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолун ийгиликтүү улантат.

Урматтуу эжей-агайлар, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын! Баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм”,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594