7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

654

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Быйылкы Саммит Өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап чыгуу, келечек коом жана билим берүү, туруктуу өнүгүү жана жаңы глобалдык жылыштар, урбанизация жана глобалдык саламаттыкты сактоо приоритеттери сыяктуу темаларда «Келечектеги өкмөттөрдү түзүү» деген аталышта өтөт.

Саммиттин ишине глобалдык артыкчылыктарды, тенденцияларды талкуулоо үчүн мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле ар кыл тармактардагы эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана ийгиликтүү дүйнөлүк лидерлердин катышуусу күтүлүүдө. Адамзатка кызмат кылууда натыйжалуу чечимдерди издөө максатында эл аралык кызматташууга, билим жана алдыңкы тажрыйба алмашууга көмөктөшүү маселелери каралат.

Президент Садыр Жапаровдун Саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

655