7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкектеги балдар үйүндө көчөт отургузду

691

Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна (Балдар үйүнө) барып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган «Эскерүү багы» эл аралык акциясынын алкагында балдар үйүнүн аймагына көчөт отургузду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров бүгүнкү акция урпактардын жаркын келечегине кам көрүү үчүн Жеңишке жетүүдө согуш талааларында курман болгон ата-бабаларга, тылдагы эмгекчилерге таазим этип, эскерүү максатында өтүп жатканын билдирди.

Аталардын жана чоң аталардын эрдиги, баатырдыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып каларын жана коомдо ар дайым ыйык тутулууга тийиш экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин жана өлкөнүн катардагы жарандарын бул акцияга катышууга, ата-бабалардын элесине таазим этип урматтоого, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга өз салымдарын кошууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692