7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитке барды

473

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду.

Ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

 

474