7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

351

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуу башталар алдында Мамлекет башчысы БУУнун Жазуулар китебине уюмга жакшы каалоо-тилектери менен билдирүү калтырды.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, анын Кыргызстан менен эмоционалдык байланышы бар экенин жана мамлекет башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасы ал БУУнун Башкы катчысы катары барган алгачкы өлкөлөрдүн бири экенин кошумчалады.

Антониу Гутерриш Садыр Жапаровдун тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелерин колдой турганын баса белгиледи.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Башкы катчы Садыр Жапаровго адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканына көңүл бурду.

Мамлекет башчысы БУУнун алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУ алкагындагы өнөктөштүгүнө быйыл 30 жыл толгонун эске салды.

Өткөн мезгилдин ичинде Кыргызстандын демилгеси боюнча Башкы Ассамблея эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча резолюциялардын ири блогун кабыл алды.

Кыргызстан, БУУнун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары, өзүнө алган милдеттерин жана Уюмдун Уставын жактайт.

Садыр Жапаров белгилегендей, өкүнүчтүүсү, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасындагы негизсиз агрессиянын фонунда өтүп жатат.

Ал 14-, 15- жана 16-сентябрда мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салганын эске салды.

Садыр Жапаров Кыргызстан Башкы катчынын Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүүсүн жана көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалай турганын белгилеп, өлкөгө берген жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстан 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо идеясын илгерилетип, бул жөнүндөгү Башкы Ассамблеянын 77-сессиясынын резолюция долбоорун демилгелегенин айтып берди.

Буга байланыштуу ал көп тараптуу каржы институттарына Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүгө инвестиция салууга, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга жана аларды чечүүгө көбүрөөк инвестиция салууга чакырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

352