7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап чабуул жасады

476

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, чек арада түзүлгөн жагдайларды билдирди.

«Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, Президент Рахмон менен жолугуштум.

Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, Ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын.

Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек.

Ал эми ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.

Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.

Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди.

Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен.

Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң.

Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз,»-деди президент.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477