7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Эмомали Рахмон Москва декларациясында кол коюп, макул болгон принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү

412

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, чек арада түзүлгөн жагдайларды билдирди.

«Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында тараган, мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө” Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан.

Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген.

Алар «достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин терең тарыхый тамырын бекемдөө элдердин негизги кызыкчылыктарына жооп берет, тынчтык жана коопсуздук ишине кызмат кылат» деп көрсөтүшкөн.

Өлкөлөр «жарандык тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин» сезет деп жазылган.

Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстан Республикасынын Президенти да кол койгон.

Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө” Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган.

Кол койуп, макул болгон. Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү»,- деди президент Садыр Жапаров.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413