Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, чек ара боюнча суроолорго жооп берди.
«Чек ара бизден эле көз каранды болгондо бир күндө чечип коёт элем. Бул эки тараптан көз каранды»,- деди өлкө башчы.
Белгилей кетсек, Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.
Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram