7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров чек ара жаңжалынан жарадар болгондордон кабар алды

591

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-майда, Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча кабарланды. Ошондой эле, аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин 30-апрелде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардам алышууда.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592