7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Дубайда 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү

293

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүн келтиребиз:

“Улуу мартабалуулар, Улуу даражалуулар, Урматтуу Мамлекет башчылары жана Өкмөт жетекчилери, Айымдар жана мырзалар,

Бүткүл дүйнөлүк Өкмөттүк Саммиттин мааракелик онунчу иш-чарасында сиздер менен жүз көрүшүп, сөз сүйлөп жатканыма абдан кубанычтамын.

Эң алды менен, Бириккен Араб Эмирликтеринин Улуу даражалуу Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга бүгүнкү саммитке чакыруусу үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Саммит негизделгенден берки он жылдын ичинде мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, өкмөттүн ишмердигин арттыруу, адамдардын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу сыяктуу жалпы адамзатты түйшөлткөн көптөгөн маселелер боюнча глобалдык диалог куруу үчүн натыйжалуу бир аянтчага айланды.

Жакынкы Чыгыш чөлкөмү илимдин жаралышы, өнүгүшү менен уникалдуу ой-пикирлер менен демилгелердин булагы болуп, дүйнөлүк билим казынасын байыткан зор цивилизациялардын алтын бешиги болгон.

Алтын үммөт доорундагы даанышмандыктын плеядасы болгон Ар-Рази, Ат-Табари, Аль-Бухари, Аль-Фараби, Аль-Хорезми, Аль-Бируни, Ибн Сина, Ибн Халдун жана башка көптөгөн акылмандар жалпы адамзаттын өнүгүшүнө өздөрүнүн баа жеткис салымдарын кошкон.

Кымбаттуу достор,

Сиздердин алдыңыздарга чыгып, Кыргызстандын андан аркы өнүгүүсү боюнча көз караштарыбыз менен бөлүшүү мен үчүн чоң сыймык.

Советтер Союзу урап, 1991-жылы Эгемендигибизге ээ болгондон кийин өлкөбүз көптөгөн сыноолорду башынан кечирди.

Биз башка мамлекеттердин улуттук тажрыйбаларынын өрнөгүн алууга бир топ аракет кылдык. Президенттиктен парламенттикке чейинки башкаруунун ар кыл формаларында жашап көрдүк. Эми минтип кайрадан президенттик башкаруу формасына кайттык.

Албетте, мындай өзгөрүүлөрдүн баары элибиздин жаркын келечекке болгон умтулуусу менен үмүт-тилегин актоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн ыңгайлуу бир жолун табуунун, стабилдүүлүккө жана туруктуу саясий-экономикалык өнүгүүгө жетишүүнүн аракетинен улам болду.

Мен 2020-жылы бийлик башына келгенимде өлкөбүз:

• деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, жалпы аймагынын 94% бийик тоолордон турган;
• үч революцияны, бир катар социалдык толкундоолорду баштан кечирип, андан кийинки коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам, терең экономикалык кризис курч турган;
• эбегейсиз зор энергетикалык потенциалга жана жаратылыш ресурстарына ээ болуп туруп, өнүгүү үчүн алардан толук кандуу пайда ала албай турган.

Ошондо мен алдыма эл-журтумдун өсүп-өнүгүшүн, бакубат жашоосун камсыз кылууну негизги максат кылып койдум.

Максатыма жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди аныктадым:

Биринчиси. Аткаруу бийлигинин бардык тутумун модернизациялоо, Өкмөттүн ишин өзгөртүү.

Мен Конституцияга ылайык, өлкөнүн аткаруу бийлигин жеке жоопкерчилик алуу менен жетектейм. Өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, жарандардын руханий, интеллектуалдык, экономикалык, социалдык жактан өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүп, сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздашы керек.

Бул үчүн, биринчи кезекте, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессин өркүндөтүү зарыл эле.

Мен бийликке келгенге чейин президент менен премьер-министрдин өз-өзүнчө администрациялары болгон. Алардын амбициялары жана көз караштары да өзүнчө болуп, көбүнчө бири-бирине карама-каршы келген.

Ал эми маанилүү чечим кабыл алуу учурларында эки администрация жоопкерчиликти бири-бирине түртө салышкан. Жыйынтыгында иштер кечеңдеп, алтургай жылдар бою топтолуп, көйгөйлөр чечилбеген бойдон кала берген.

Мындан улам, биз эки администрацияны бирдиктүү Президенттик администрацияга бириктирүүнү чечтик. Бүгүнкү күндө ал өлкөдөгү бардык аткаруу бийлигин координациялайт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир эле убакта Президенттин Администрациясын жетектейт.

Ошентип, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун жана аткаруунун бардык процессин бир жерге топтодук. Бул чаралар жалпы өлкө боюнча Өкмөттүн ишмердигинин натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртты. Ошону менен бирге, бийликтин вертикалын бекемдеди.

Экинчиси. Коррупцияга каршы элдешкис күрөш.

Тилекке каршы, бул социалдык көйгөй өлкөдөгү терең нааразычылыктардын негизги себептеринин бири бойдон калууда.

Министрлер Кабинети, өзгөчө, экономикалык чөйрөдө коррупцияны жоюу үчүн салыктык башкаруунун жаңы инструменттерин киргизүү программасын ишке ашыруунун алкагында экономиканы көмүскөдөн чыгаруу боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат.

Коррупцияга каршы күрөштүн жана бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке ири каражаттар кайтарылууда.

Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок. Болгону салыктык башкаруунун жакшырышы менен өткөн жылы мамлекеттик бюджетке салыктан түшкөн каражаттардын көлөмү дээрлик үч эсе көбөйдү.

Үчүнчүсү. Артыкчылыктуу милдет — бул жаңы экономикалык саясат.

Өлкөбүздө улуттук экономика туруктуу темп менен өнүгүү жолуна түштү.

Акыркы үч жылдагы экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түздү (2021-жылы – 5,5%, 2022-жылы – 9%, 2023-жылы – 6,2%).

Чет элдик инвесторлордун катышуусунда ири инфратүзүмдүк жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу, аэропортторду модернизациялоо жана башкалар бар.

Биз Кыргызстанды жагымдуу инвестициялык климаты, либералдуу тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү бар региондук “бизнес-оазиске” айлантууну каалайбыз.

Кыргызстан инвесторлор менен өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетейин.

Биздин жаңы экономикалык саясатыбыз, биринчи кезекте, үч негизги багытка: энергетикага, тоо-кендерине жана транспорттук-транзиттик тармакка таянат.

Өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы болгон энергетикалык ресурстардан туура пайда көрүүнү көздөйбүз.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык запастары боюнча бир кыйла өнөр жай потенциалы бар. Алар эксперттер тарабынан болжол менен 142 млрд киловатт-саат деп бааланып келет.

Бул ресурстар сөзсүз түрдө элге кызмат кылууга тийиш деп эсептейбиз.

Мен Мамлекет башчысы болуп келгенимде бул потенциалдын 10%ы пайдаланылган. Бүгүнкү күндө 13%ын иштетүүгө жетиштик. Бул багыттагы иштерди активдештирүү максатын көздөп жатабыз.

Биз чет элдик инвесторлордун келишин, албетте, кубаттайбыз. Маселен, “Масдар” компаниясынын Кыргызстанда иш жүргүзүү ниетин билдиргенине абдан кубанычтабыз.

Мен ушул жерден Бириккен улуттар уюмунун климат боюнча ийгиликтүү өткөн COP-28 конференциясына катышкандыгымды, анда Кыргызстан менен “Масдар”, “Электрисите де Франс” компанияларынын ортосунда 3,5 Гигаватт көлөмүндөгү “жашыл энергетика” жаатында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлгандыгын айта кетейин.

Биз долбоордук кубаттуулугу 1,8 Гигаватт болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга кириштик.

50 чакан жана орто ГЭСтин курулушу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор да ишке ашырылууда.

Транспорттук-логистикалык потенциалды өнүктүрүү жана дүйнөлүк рынокко чыгуу максатында Азия өлкөлөрүн Борбор Азия аркылуу Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия, Африка жана Европа менен байланыштыра турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун баштаганы турабыз.

Төртүнчүсү. Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бардык системасын санариптештирүү.

Акыркы он жылдын ичиндеги ары чоң, ары эпсиз болуп келген мамлекеттик башкаруу системасы чечкиндүү чараларды көрүүгө муктаж эле.

Биз мындай чечкиндүү чараларды санариптештирүү аркылуу жасай алдык. Электрондук ведомстволор аралык өз ара байланышуу системасы курулган “Түндүк” улуттук долбоорун ишке киргиздик. Жыйынтыгы бизди кубантты.

Натыйжада мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү кескин жогорулап, ведомстволор аралык координациялоо темпи тездеди. Мындан улам, коррупциялык көрүнүштөр азайды. Муну менен эле токтоп калбастан, албетте, чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздүн алдыңкы тажрыйбалары менен жетишкендиктерин кылдаттык менен иликтеп жатабыз.

Учурдан пайдаланып, эмираттын “Өкмөт акселераторлору” программасына токтоло кетейин. Бул идея бизге абдан жаккан. Өкмөт өткөн жылдын март айында бул долбоорго расмий түрдө старт берген эле. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бул программа оң натыйжаларды бере баштады. Эл арасынан да позитивдүү пикирлер айтылууда.

Мамлекеттик кызматкерлерибиз Эмираттарда тиешелүү окуулардан өтүшкөн. 100 күндүн ичинде социалдык мүнөздөгү үч милдетти аныктап, ишке ашыра алдык. Бул долбоордун ийгилигин белгилөө мен үчүн кубанычтуу болуп турат.

Жакын арада эмираттык досторубуз менен бирге аталган программанын экинчи фазасын ишке ашырууга ниеттенип жатабыз.

Кымбаттуу достор, жасалма интеллект туура колдонулса, адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Жакында бизде маданиятыбыздын, билимибиздин, салт-санаабыздын жана этикабыздын негизинде окутулган кыргыз тилиндеги Жасалма интеллекттин өздүк моделин ийгиликтүү сыноодон өткөрдүк. Жасалма интеллекттин өзгөчө баалуулугу жана ага талабы — бүткүл адамзаттын каада-салттарынын жана баалуулуктарынын ар түрдүүлүгү камтылышы керек деп ишенем.

Чат GPT жаратуучусу Сэм Альтман мырза биз менен бирге болгондуктан, учурдан пайдаланып тексттик корпусту жана элибиздин топтолгон билимин берүүгө даяр экенибизди ырастагым келет.

Сапаттуу билим берүү – бул ар бир өлкөнүн прогрессинин жана өнүгүүсүнүн негизи.

Биз улуттук кирешебиздин 20 пайызын билим берүү максаттарына жумшап жатабыз. Билим берүү секторун трансформациялоо чакырыгына татыктуу жооп беришибиз керек.

Урматтуу саммиттин катышуучулары, биз Кыргызстанда мындай реформаларды жүргүзүү менен, демократиянын негизги принциптеринен бир кадам да чегинген жокпуз.

Бул жагдайда, бир тууган араб элдери сыяктуу эле, бийлик менен элдин ортосунда түздөн-түз диалог куруу системасын эзелтен бери колдонуп келе жатабыз.

Тактап айтканда, биз салт болуп калган “Курултай” коомдук институтун жандандырдык. Бул — эл ичинен шайланып келген өкүлдөр чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл ала турган, коомдук ынтымакты сактай турган жыйын. Мындай жамааттык жолугушуулар менен көзмө-көз баарлашуу салты Эмираттардагы жана башка араб өлкөлөрүндөгү Мажлис институту менен көп окшоштуктарга ээ.

Министрлер Кабинети толугу менен аткарылган иштер тууралуу Курултайдын делегаттарына отчет берет.

Ошол эле учурда Курултай өлкөнүн улуттук парламенти болгон Жогорку Кеңештин ордун алмаштыра албасын баса белгилеп кетейин.

Элдин каалоолору менен суроо-талаптары аткаруу бийлигине кандайдыр бир көрсөтмө болуп саналат. Мамлекеттик саясат жарандарга жана алардын муктаждыктарын чечүүгө багытталган.

Биз Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда 166 өлкөнүн ичинен 45-орунга чыктык. 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген ниетибиз бар.

Мекендештерибиз өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү сезе башташты. Элдин жаркын келечекке, эртеңки күнгө болгон ишеними жанды.

Кымбаттуу достор, бүгүнкү күндөгү тез өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда чакырыктар менен коркунучтар эбак эле улуттук чек аралардан чыгып кетти. Климаттын өзгөрүшү болсун, терроризм, экстремизм же энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу болсун, бул коркунучтар кулачын кеңири жайды.

Мындай шартта кандайдыр бир натыйжалуу чечимдерди табуу үчүн күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз зарыл, жамааттык жоопкерчилигибиз талап кылынат.

Оомал-төкмөл мезгилде Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолун издеп, өнөктөштөрү менен кызматташып, эл-журтунун татыктуу жашоосун камсыздап берүүгө умтулууда.

Ошол эле маалда региондук жана эл аралык коопсуздукка, туруктуулукка, ошондой эле дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизген дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда болуп жаткан окуялар бизди терең тынчсыздандырууда.

Бул өңүттөн алып караганда, Бүткүл дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин ролу зор экенин жана анын мааниси мындан ары да арта тургандыгын белгилөө менен сөзүмдү жыйынтыктаймын.

Саммиттин катышуучулары менен меймандарына натыйжалуу талкуу жүргүзүүнү жана албан-албан ийгиликтерди каалайм. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат”.

294