7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын кабыл алды

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасын кабыл алды.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Аре ардактуу конок катары катышты.

Жолугушууда интеграциялык өз ара аракеттенүү, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү жана ЕАЭБге өнөктөш өлкөлөр менен ишти күчөтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык бирлигине катышуу – тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Бирликтин алкагында өлкө биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга умтулат, бул бардык катышуучуларга синергияга жетишүүгө жана глобалдык чакырыктардын фонунда ишенимдүү алдыга жылууга мүмкүндүк берет.

Бул контекстте Садыр Жапаров Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы көрсөткүчтөрүн айтып өттү. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы бир жарым триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө бир жарым эсеге өстү.
«Кыргызстан Бирликке мүчөлүгүнүн бардык артыкчылыктарын сезди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү, аймактык өнөктөштөр жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык өнүгүүдө», — деди Президент.

Ал ошондой эле көңүл буруу зарыл болгон бир нече багыттарды белгиледи. Анын ичинде товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жылышына тоскоолдук кылган ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу бар. Ошондой эле өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү, аларды экономикасы чакан өлкөлөрдө локализациялоо артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Садыр Жапаров мамлекеттердин жана жалпы аймактын жыргалчылыгы үчүн экономикалык өсүштү жана кызматташтыкты тереңдетүүнү камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттер жана кабыл алынган чечимдер Бирликтин келечеги үчүн интеграциялык негизди бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылары Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстанга мындан аркы гүлдөп-өсүүнү каалашты.

Алар ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өсүшүн, ЕАЭБге мүчө- мамлекеттердин ортосундагы соода кызматташтыктын кеңейишин белгилеп, эки тараптуу негизде жана Евразия экономикалык интеграциясынын алкагында мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыктарын билдиришти.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ 10 жылдын ичинде өзүнүн маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн далилдегенин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын баса белгиледи.

10