7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров экоактивист Андрей Панаевге унаа белек кылды

310

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды ыктыярдуу тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Андрей Панаевдин ыктыярдуу түрдө таштанды терип жүргөнүн интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнүн билдирди.

«Сиздин кылып жаткан ишиңиз көпчүлүк үчүн үлгү. Экологиянын, табияттын чек арасы жок. Жер жүзү бир аба менен дем алабыз. Андыктан жер бетиндеги ар бир адам сендей иш кылыш керек. Биз экологияны, табиятты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Бул ар бир адамдын милдети. Сен азаматсың!»,- деп белгиледи президент.

Экоактивист Кыргызстанга саякаттап келгенин жана 2024-жылы Ысык-Көлгө эс алганы келип, көл жээгинде таштандыларды тазалап, ал аракети аркылуу башкаларды тазалыкты сактоого чакыргысы келгенин айтып берди. Андрей Панаев “Кыргызстан менин үйүм” деп өлкөдө биротоло калууну чечкен.

Ошондой эле, ал Садыр Жапаровдун таштанды терип, тазалыкка чакырган видеолорун көргөнүн айтып, муну менен өлкө башчысы башкаларга үлгү болуп жатканын баса белгидеди.

“Кыргыз элинин атынан, ыктыярчылардын атынан, экоактивисттердин атынан унаа белек кылам”,- деп Садыр Жапаров ата мекендик өндүрүштөн чыккан унаанын ачкычын Андрей Панаевге тапшырды.

311