7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Эл аралык каттамдар үчүн эки учак алынат

424

Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң самолёт сатып алабыз деп турабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылыш аземинде билдирди. 

«Тарыхый өңүттөн алып караганда Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл, буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз.

2025-жылдын башында Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы кеңсесинен Кыргызстанга аудит жүргүзүү үчүн адистери келишет. Бул текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп алсак, биздин авиакомпанияларга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кара тизмеден чыгабыз.

Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң самолёт сатып алабыз деп турабыз. Ал эми түз каттамдардын ачылышы жүргүнчүлөрдүн учуу убактысын кыйла кыскартып, сапарларынын ыңгайлуу болушун шарттайт. Бул Европадан Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө түздөн-түз өбөлгө болуп, өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошот. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бизнес өкүлдөрү үчүн Европа менен байланыш жеңилдеп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө алып келет. Мындан тышкары, экспорттук жана импорттук жүк ташуу процесси да жөнөкөйлөшөт. Бул дагы мамлекетибиздин экономикасына оң таасирин берет»,- деди өлкө башчы.

425