7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

САДЫР ЖАПАРОВ ЭМНЕ ҮЧҮН КУРУЛТАЙДЫ МЫЙЗАМДАШТЫРГЫСЫ КЕЛЕТ?

58

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Курултай бир нече жолу өткөрүлгөн. Мурунку
президенттер муну менен өз режимдерине жалпы элдик колдоо болуп жаткандай түр
көрсөткүлөрү келишкен. Формалдуу түрдө гана өткөрүлгөн ал иш-чаралар, өлкө
тарыхында кандайдыр бир урунттуу из калтырган эмес. Азыр деле Садыр Жапаровду Баш
мыйзамды өзгөрткөн жатат деп сынга алып жаткандар бийликтин бүтүндөй үч бутагы
турганда, Курултай институтун мыйзамдаштыруунун кереги жок дешүүдө. Мамлекеттик
бийликти үч бутакка бөлүү – бул бизге таңууланбаган деп айтпаганда, Батыштан келген
салт. Кыргыздар болсо өзүлөрүнө так ушул Курултайдын формасын иштеп чыгышкан.
Бул элдин уруучулук-уруктук курамын чагылдырат. Бир ханды шайлоо үчүн баарынын,
мындайча айтканда, саясий күчтөрдүн макулдугу талап кылынган.
Андан бери жок эле дегенде 2200 жыл өттү. Муну баары билет! Курам негизинен өзгөргөн
жок. Аналитиктердин басымдуу бөлүгү Бишкектеги октябрь окуяларын элдин эрки жана
ага кошо батыштык атайын кызматтардын акчасына ар кандай “түстүү революциялардын” тарапташтарынын оюндары болду деген көнүмүш алкактан баалашты. Бул жерде баары анчалык ачык эмес. Борбор калаада башкаларга үлгү катары чамынган батыштык маанайдагы интеллигенция, ириде трайбалисттик кыргыз элетине толугу менен көз каранды. Мамлекеттик аймактык бөлүнүү жана башкаруу вертикалына караганда уруучулук байланыштар алда канча чоң мааниге ээ.
Шайлоо кандай өтөт, кайсы партия парламентте канча орунду алат, ким президент болот ж.б. маселелерди кландар чечет. Кландардын эркин четке кагып койсо болот, бирок ал көпкө созулбайт. Алардын таасири баары бир мамлекеттик аппаратты башынан аягына чейин кармап турат.


Адашып атып кыргыз саясатчылары 2010-жылдан кийин Кыргызстандын коомуна
праламенттик башкаруу формасы эле ылайыктуу экен деген чечимге келишкен. Бул
чындыгында эле ошондой болуп чыкты. Көңүл бурсаңыз, 2010-жылдан кийин элдин ири массасы көчөгө чыккан жок. Маселенин бардыгын Кыргызстандын саясий күчтөрү суук көчөлөрдө эмес, Жогорку Кеңештин жылуу-жумшак имаратында чечип келишти.
Кыргыздар бардыгына жаккан башкаруу формасын таап алышты. Ал ички туруктуулукка алып келет, бирок өлкөнү өнүктүрбөйт деп жазгандай болуп чыкты. Бул 10 жылда эң сонун тастыкталды.
Мурунку бийлик шайлоону бурмалоого жол бергени үчүн кетүүгө аргасыз болгон жок
(бизде буга ким таң калмак?), саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун бузганы үчүн кетти.
Орой айтканда, кептин баары бийлик башында турган элитабы же элита эмеспи, аларды кландын жетекчилери деп эле атап коёлучу, төшөнчүнү үстүнө тартып кеткенинде болду.
Башкача айтканда, бийлик аткаруу бийлигин да башкарууга өтүп, ЖКга болгон
шайлоонун жыйынтыгы менен парламентти да көзөмөлүнө алды. Муну менен саясий
күчтөрдүн тең салмактуулугун бузду. Анан албетте, бийликтен куру калган кландар
тийиштүү чараларды кабыл алышты.


Себеби, туруктуулуктун таянычы – салттуу коом. Анын кызыкчылыктары жана каалоосу
жүздөгөн жылдар бою өзгөрбөй келатат. Күчтүн басымдуу бөлүгү болсо, кландар
ортосундагы алсыз тең салмактуулукту сактоого жумшалат. Бул балансты бузуу
мамлекетти гана эмес, курчап турган бүткүл аймактын заматта ойронун чыгарып салышы ыктымал. Кыргыздын “түстүү ыңкылаптардан” башкы айырмачылыгы мында: “тустүү ыңкылаптар” геосаясий туруктуулукту төңкөрүштү уюштургандардын пайдасына бузууга багытталган, ал эми кыргыз козголоңдору болсо жергиликтүү эле саясатчылар тарабынан бузулган тең салмактуулукту калыбына келтирүү жолу менен ички саясий туруктуулукту сактап калууга багытталган. Ошондуктан кыргыз төңкөрүштөрү түстүү ыңкылаптардын
бардык белгилерине ээ болгону менен маңызында, андай болуп эсептелбейт. Бул салттуу коомдун заманбап мамлекетке ыңгайлашуусунун нукура ички механизми.

Ошондуктан Кыргызстандагы бийликти энчилеп алуу мүмкүн эмес. Болсо да, аз гана
убакытка болушу мүмкүн. Мурунку президенттердин таржымалын эстеп көрүңүздөр. Эл ага чыдабайт. Андыктан “Ханституция” деп плакат жазып алып суук көчөлөрдө жүргөн жаш адамдар өзүлөрүнүн элин билбейт, анын тарыхын жана Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн курамынан кабары жок. Ишеним деген арийне жакшы дечи (алар акы албай эле Мекенди сүйгөндөрүнөн улам жүрөт деп ишенгим келет). Оппозиция үчүн ыңгайлуу болгон нерсенин бардыгы эле өлкөгө да пайда алып келбейт.
Садыр Жапаровдун алдында азыр эки гана тандоо турат – Жогорку Кеңешке кесипкөйлүк белгилер менен шайлатса, анда ал жакка кландардын өкүлдөрү кирбей калат да, саясий тең салмаксыздык жаралат. Же ишке жарамсыз парламентти калтыруу. Анда өлкө өнүкпөйт. Туура, мамлекеттик кызматтарга клан жетекчилеринин балдары, тууган- туушкандары, тааныштары эмес, иш билги кесипкөй чиновниктер керек. Курултай институту мына ушундан улам сунушталып жатат. Азырынча жарым чара катары, анткени бийликке кирбей калган кландар жогору жактарды көзөмөлдөп жана кызыкчылыктарын билдирип туруу үчүн ал жакка өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтө алат. Кандай болгон күндө да, Кыргызстан модернизациялоого муктаж болуп турат. Мамлекеттүүлүк жана суверенитет тарых тарабынан түбөлүктүү берилбейт. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн күрөшүү керек!

Аткаруучу: « ____7tv.kg___ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 26-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

59