7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

184

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Чолпон-Атада Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана аймактык демилгелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовдун иш сапарынын кыргыз жана түркмөн элдеринин көп кылымдык достугун чыңдоодогу маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн соода кызматташтыгындагы ишенимдүү оң динамиканы белгилеп өттү.

Садыр Жапаров Кыргызстандын Россия, Венгрия, Өзбекстан жана Азербайжан менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддорун түзүү тажрыйбасына ылайык Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы терең жана көп жактуу кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал түркмөн тараптын бардык негизги тармактарда, анын ичинде соода, газ, энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагында жигердүү кызматташууга умтулуусун жана даярдыгын баса көрсөттү.

Соңунда президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн өнөктөштүгү үчүн жаңы перспективаларды ачарына ишеним билдирди. Бул контекстте ал залкар түркмөн ойчулу Махтумкули Фрагинин: «Биримдик – кыялды чындыкка айландыруучу күч» деген сөздөрүн мисал келтирди.

185