7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго апасы каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

530

Президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар»,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531