7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

631

Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Улуу Даражалуу Королева Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Королева Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632