7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Хивадагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты

395

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Хива шаарындагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты.

1973-жылы негизделген «Хива гиламлари» комбинаты 2020-жылы толугу менен реконструкцияланып, модернизацияланган. Баасы 24 млн доллар болгон ишкана жыл сайын 4,2 млн чарчы метр килем жана килем буюмдарын чыгарып, алар АКШ, Кытай жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.

Комбинатта Германия, Бельгия, Австрия, Швейцария, Италия, Франция жана Түркиядан келген заманбап жабдуулар орнотулган. 750 адам иш менен камсыз болгон.

Кыргызстан жана Өзбекстандын Президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өндүрүш процесси менен таанышып, комбинаттын аймагында даяр килемдердин «шоу-румун» кыдырып чыгышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчылары бул багытта тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

396