7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

14 жаштагы өспүрүмдү куткарып калган милиционер сыйланды

458

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калган милиция кызматкери Ринат Токоев «Каармандык» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз билдирди.

Ага медалды облустук милиция башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков тапшырып, ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, аталган окуя 21-июнда болгон. 14 жаштагы өспүрүм Каракол шаардык пляжында сууга түшүп жатып, бир убакта чөгө баштаган. Ошол учурда пляж жакта кайгуулда жүргөн улук лейтенант Ринат Токоев чөгүп жаткан баланы көрүп калып, дароо жардамга чуркаган. Ал баланын жанына сүзүп барып, аны суудан алып чыгып, куткарып калган.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет.

 

 

 

459