7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Хун Сенди өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады

707

Президент Садыр Жапаров Камбоджа Королдугунун Премьер-министри Хун Сенди өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады.

«Камбоджа Королдугунун улуттук майрамы — Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн ортосундагы зор потенциалга ээ болгон мамилелер саясий өз ара ишенимдин жана урматтоонун алкагында мындан ары да чыңдала берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Хун Сенге ийгилик, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Камбоджа элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708