7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

367

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодо анын альянсынын жеңиши менен куттуктоо жолдоду.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы парламенттик шайлоодогу Улуттук демократиялык альянстын жеңиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул жетишкендик Сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, Индия элинин Сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз менен Индиянын дүйнөдөгү ээлеген ордунун жогорулашынын далили.Ошону менен бирге биздин өлкөлөрүбүз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү диалогду, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну тереңдетүүгө жетишти», — деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров Нарендра Модиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

 

 

 

368