7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп районунда ата-энесиз калган балага жер тилкеси берилди

194

Түп районунда ата-энесиз калган балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, ата-энесиз калган балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тоголок жетим баланын мыйзамда кепилденген укуктары толук камсыздалбай, ага турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилбей келгендиги аныкталган.

Түп райондук прокуратурасы тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында Түп айылынан балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

Башкы прокуратура белгилегендей, Балдар жөнүндө кодекске жана Турак жай кодексине ылайык, жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка толгондон кийин мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ.

195