7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Россияга жөнөп кетти

681

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия Экономикалык Бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, жыйындын алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

-Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат;

-экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

682