7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

336

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына барды.

Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары — Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

 

337