7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге учуп кетти

639

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев;

– Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова;

– финансы министри Алмаз Бакетаев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

– энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров;

– Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;

– Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

– Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640