7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барды

473

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы «Биньхай» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто мамлекеттик туулар илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болот.

474