7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат

506

Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстандын муфтийи Замир каары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы Кыргызстан светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөрүн белгиледи.

«Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл. Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  биринчи Жарлыгым чыккан. Азыр ушул Жарлыктын негизинде Концепция иштелип чыкты », — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду. Азыркы тапта бул маселе актуалдуу жана аны чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү талап кылынат. Ошондой эле бул үчүн биз Кыргызстан Ислам университетинин базасын бекемдешибиз керек. Мындан башка Бириккен Араб Эмираттарынын «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынууда.

Муфтий Замир каары Ракиев Мамлекет башчысынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда. Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.

Замир каары Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507