Ош облусунун Кара-Суу районунда туруктуу баңги затын сатуу каналы табылып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«4-сентябрында ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн КР жараны «Ю.Б.У.» кармалды.
Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда башка шекриктерин аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда» -деп жазылат маалыматта.