7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл бою тургундардын малдарын уурдап жүргөн 4 жаран кармалды

636

Кемин районунда мал уурулугуна шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кемин районунун аймагында бодо малдарды ууроого шектелип төрт жаран кармалды.

2020-жылы Кемин районунун аймагынан бодо малдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетикени тууралуу жергиликтүү тургундар Кемин РИИБнө арыз менен
кайрылышкан. Аталган фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралрынын натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелишип, 1988-жылы туулган С.Ж., О.Т., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган С.Э. аттулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Териштирүү учурунда, кылмышка шектүүлөр сарайлардан малдарды уурдашып, Чүй облусундагы мал базарлардын бирине сатып жибергени маалым болгон.
Учурда кармалган жарандардын Кемин районунун аймагында 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637