7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү

168

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө уланып жаткан кризис шартында мусулман дүйнөсүнүн ынтымагынын жана тилектештигинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал туура бир жыл мурун мүчө-мамлекеттер Палестина элине карата орун алып жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылганын эске салды, бирок, тилекке каршы, абал өзгөрбөй, согуш аракеттер Жакынкы Чыгыш аймагында кеңейип келүүдө.

Президент абалды оңдоо жана чечүү жолдорун аныктоо үчүн аракет көрүп, саммитти өткөрүүгө шарт түзүп берген Сауд Аравиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ал чыр-чатактын кесепетинен эбегейсиз жоготууларга дуушар болгон палестиналык жана ливандыктардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн айтты.

Садыр Жапаров бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын курман болуусу – эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш экендигин баса белгиледи. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жана Башкы ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле жаңжалдагы тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана “Эки мамлекет” идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады.

“Алдыда кыш мезгилинин кирип жаткандыгына байланыштуу, Израиль өкмөтүнөн Газа тилкесине гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачып, Газа элине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылууга чакыруу керек. Кыргызстан Газа тилкесиндеги бир туугандардын азабын жеңилдетүү үчүн бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөттү жана жардамды үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүүдө”, — деп Садыр Жапаров белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров саммитке катышкан өлкө лидерлерин Палестина элинин оор жүгүн көтөрүшкөнгө болгон күч аракетти жумшоого чакырды, жана Кыргызстан өз тарабынан региондогу адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын ишендирип өттү.

169