7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Тагаев: Аспеков высший пилотаждагы аферист экенин эч ким талашпайт

237

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Мелис Аспеков тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Мелис Аспековдун видеолорун көрүп, анан аны көбүртүп-жабыртып таратып аткан адамдарды көрүп мунун өтмүшүн эстетип коеюн дедим. Бул эч кандай кошомат эмес. Ушул фейсбукта отурган баарыбыз билип-көрүп, баш чайкап жүргөн эле иштер. Өзгөчө саясаттан алыс жаштар үчүн мунун таржымалын эстетип коюу менин адамдык милдетим. Мелис Аспековдун высший пилотаждагы аферист экенин эч ким талашпайт. Ал акыркы 15 жылда алаяктыктын түрдүү формасын көргөзгөн. Аспековдун аферисттиги тээ илгери үй-бүлө курууда эле башталган. Белгилүү бир кишинин кызын алып, пайдасын көрүп анан ажырашып жолуна түшкөн. 2010-жылдан кийин болсо активист болуп чыга келген. “Ата Мекен” партиясынын Жаштар канатынын лидеримин деп жалган айтып, кыска убакытта бир топ кишини алдаганга үлгүргөн.

Апрель революциясынан кийин мурдагы премьер-министр Азим Исабековдун аялына барып, Өмүрбек Текебаев Москвага Путин менен жолукканга баратат, мен да барам деп алдап, ар кандай убадаларды берип 8500 долларын алдап кеткен. Ошентип “Ата Мекенден” бат эле айдалган.

Башкы прокурор болгон Кубатбек Байболовдун атын сатып, прокуратурага жумушка киргизем, Кумтөргө орноштурам, АКШга кетирем деп бирөөнөн 8 миң доллар алдап алган. Бул иш боюнча эки ай камалып чыккан. Ушул эле фейсбукта отурган Айжан эжебизди дагы бир канча миң долларга алдап кеткени белгилүү. Маркум Чыныбай Турсунбековдон кантип акча вымогайтеткенин Чыныбай аке Жогорку Кеңеште айтып, сыздаган. 2017-жылы президенттик шайлоодо Канат Исаевди каматкан. Ошол эле шайлоодо Адахан Мадумаров мага берген видео-интервьюсунда Аспековду “сексот” деп атаган. Аспеков бул үчүн Мадумаров менен соттошуп жүрдү. Аспеков ошондой адаты менен “Мекенчил” партиясына дагы барып илээшкенин көрүп жүрдүк.

Биз Мелис Аспековду 2020-жылы Октябрь айында аянтта Президенттин жанынан көрүп, абдан бушайман, нааразы болуп, жаман көргөнбүз. Президенттин чынчылдыгы, эли үчүн ниетинин актыгынан Аспеков гана эмес, буга окшогон канчасынан кутулганын көрдүк. Эгер президент башкача болгондо азыр так ушул Аспековдордун заманы болуп турмак. Эми туугандар, ушундай рецидивист, түрмөгө кесилген, айла-амалы түгөнгөн адам, мамлекетибиздин президентине ар кандай көө жаап жатса, кээ бир кесиптештер чырагына май тамгансып, канча күндөн бери Ажого азил айтып отурду. Кээ бир замандаштар “безнаказанность порождает вседозволенности” болуп кеткенин өздөрү байкап жатты бекен…»,- дейт Марат Тагаев.

238