7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катардын эмири менен жолугушту

596

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Катар Мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, аймактык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Кыргызстанга Катардан конкреттүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтей турган эксперттик-инвестициялык топ жөнөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары, Тамим ибн Хамад Аль Тани Садыр Жапаровду Катарга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Катар элдеринин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөр ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты арттыруу үчүн активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597