7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти менен жолугат

714

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапар менен Казакстанга барат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен да жолугушат.

Мындан сырткары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен кездешүү да каралган.

715