7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен кетти

552

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) учуп кетти.

Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бул жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар ушул жылдын 12-14-октябрында өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: 

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

– Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

— Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;

— Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;

— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553