7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кембридж программасы боюнча окуткан мектепти көрүп чыкты

480

Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кембридждин эл аралык программасы боюнча окуткан мектепти көрүп чыкты.

Жалал-Абад шаарындагы 670 окуучуга ылайыкталган заманбап эл аралык билим берүү борбору. Алар робототехника, илимий лабораториялар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы долбоорлор, карапа жасоо,аспаптык музыка, футбол, баскетбол жана социалдык долбоорлорду кошо алганда, ийримдердин жана секциялардын көп түрүнө катыша алышат.

Мамлекет башчысына мектепте эл аралык окутуучулар курамы иштей турганы тууралуу маалымат берилди. Мугалимдер жыл сайын квалификациясын жогорулатышат, ал эми окуучулар жеке коштоо алышат жана англис тилдүү чөйрөгө тартылышат.

Президент жаңы окуу жайдын шарттары менен таанышып, заманбап кабинеттерди, лабораторияларды, воркаут аянтчасын көрүп чыкты.

481