7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кичинекей Кыргыз өлкөсү үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат

224

Бүгүн, 2-февралда өкмөттүн жаңы курамы жарыяланды.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. «Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир. Экинчиси, кадр саясаты боюнча, “бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу” деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз, аны башка планетадан издешибиз керек болот.
Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы, сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары “бөдөнөнү сойсо да касапчы соет”. Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат.
Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргыз өлкөсү үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.
Ар бир чечимди “жети өлчөп, бир кесип жатабыз”.

Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли” – деп айтылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225