7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды (ФОТО)

506

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин (полиция) кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына келген КМШга мүчө мамлекеттердиен ички иштер министрлерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы меймандар менен учурашып, ааламдашуу жана технологиялык прогресс доорунда Шериктештиктин өлкөлөрү заманбап реалдуулуктарды так түшүнүү менен евразиялык мейкиндикте тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги укук коргоо чөйрөсүндө коюлган тапшырмаларды чечүүнү камсыздоодо.

“Акыркы мезгилде Ички иштер министрлиги тарабынан мыйзамдуулукту жана укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыздоого, жарандардын бейпил жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чаралар жүргүзүлдү.

Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоонун алкагында республиканын бардык аймактарында “Милициянын көчмө кабылдамалары”, “бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору жана пункттары иштеп жатат.

Мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык абалын жакшыртуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп, анын алкагында Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 240 батирлүү үйдүн курулушу аяктады. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент санариптештирүү иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында учурда коомдук жайларга 2 миң 141 видеокамера орнотулганын белгиледи. Анын ичинен 200 видеокамера Бирдиктүү оперативдүү башкаруу борбору аркылуу өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын онлайн режимде көзөмөлдөйт. Жыл аягына чейин 240тан ашык видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT-технологиялар тармагында кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү түзүлдү.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигинин потенциалы анын заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга даярдыгын толук көрсөтүүгө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу көп тараптуу жана эки тараптуу форматта, анын ичинде КМШ өлкөлөрү менен кеңейип жатканы кубандырат”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү биргелешкен жыйын кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошкон дагы бир кадам экенине ишенимин билдирди. Жалпы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо маселесинде Шериктештиктин ички иштер органдарынын даярдалып жаткан жана жасалган кылмыштар жөнүндө маалымат алмашууда, кылмыш куугунтугунан качкандарды издөөгө көмөктөшүүдө, биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө, ошондой эле, ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларында өз ара аракеттенүүсүн улантуу мындан кем эмес мааниге ээ.

Өз кезегинде жыйындын катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын, анын ичинде экстремизмге, баңги заттарын мыйзамсыз сатуу, киберкылмыштуулук жана башкалар менен каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча натыйжалуу чара болорун белгилешти.

Ошол эле учурда министрликтердин ортосундагы жеке байланыштарды чыңдоо маселелерди ыкчам чечүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары кылмыштуулукка каршы күрөштүн ар турдүү багыттары боюнча комплекстүү макулдашылган иш чараларды мындан ары ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Азербайжандын ички иштер министри Вилаят Эйвазов, Армениянын полиция башчысы Ваге Казарян, Беларустун ички иштер министри Иван Кубраков, Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов, Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов, Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов, КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасынын – аткаруучу катчысынын биринчи орун басары Леонид Анфимов, КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун директору Олег Коновалов катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507