Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Бишкектеги мектеп гимназиясынын биринде иштеген директор гимназияны үй-бүлөлүк бизнеске айлантып алганын билдирди.
«Бишкектеги № 29 мектеп гимназиясынын мугалимдеринин, ата-энелеринин атынан арыз түштү. Аталган гимназияда көп жылдан бери иштеген директор гмназияны үй-бүлөлүк бизнесине айландырып алган. Ал жерде мектепке кириш үчүн эле 25-30 миң алынат экен. Ошондой эле, ар бир баладан мектеп фондуна деп 5 миңден алып турганын ата-энелери айтышууда»,— деди депутат.
(Толугу менен видеону төмөнкү ссылкадан көрө аласыздар)