7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктап жүргөн өгөй атасы кармалды

5170

Ысык-Көлдө 12 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап келген. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-июль күнү Түп РИИБне арыз менен 1975-жылы туулган Түп районунун тургуну А.Б. аттуу жаран кайрылган. Анын арызында жарандык никедеги жолдошу Түп айылынын тургуну 1962-жылы туулган А.Т 2010-жылы туулган алтынчы класста окуган кызын эчкимге билгизбестен күч колдонуп зордуктап жүргөнүн билдирген.

Аталган факты Түп РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодекснин 154-бернесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары Түп айылынын 1962-жылы туулган А.Т. аттуу тургунун үйүнөн кармап колго түшүрүшкөн.

Түп райондук соттун чечими менен, шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Соттук экспертизалар дайындалып, шектүүнүн күнөөсү толук далилденип, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 31-август күнү кылмыш иши Түп районун сотуна жөнөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5171