Ошто социалдык тармак аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды.
Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.
«7-сентябрда «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган»,- деп берилет маалыматта.