7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Кумтөр» алтын кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү

882

«Кумтөр» алтын кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бул тууралуу Садыр Жапаров кыргыз элине болгон кайрылуусунда билдирди.

«Кумтөр» алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялайм». «Центерра» менен болгон талаш тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Эң чоң улуттук байлыгыбыз «Кумтөр» кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык. Ошентип «Кумтөр» кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхында чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек», — деди президент кайрылуусунда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883