7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын ачты

398

Президент Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа бүгүн, 22-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын биргелешип ачышты.

Академия 3,374 гектар аянтты ээлейт жана заманбап спорттук объектилерди камтыйт: табигый жана жасалма чөптүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар.  

Академиянын курулушу эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын, футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Азыркы академиянын ордунда буга чейин шаардык полигон жайгашкан, бирок мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн аракети менен аймак тазаланып, футбол комплексин өнүктүрүүгө даярдалган.  

Садыр Жапаров менен Салман бин Ибрагим Аль-Халифа Улуттук футбол академиясынын аймагын кыдырып, футболчулардын машыгуу жана жашоо шарттары менен таанышып чыгышты, жаңы академия Кыргызстандын футболунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, ошондой эле болочок чемпиондорду даярдоого шарт түзөрүнө ишенимдерин билдиришти. 

 

  

 

 

399