7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров кыргыз спортсмендерин ийгиликтүү жеңиши менен куттуктады

181

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Дүйнө кубогунда жеңишке жеткен кыргыздын сыймыктуу спортчуларын жеңиштери менен куттуктады. Ал куттуктоосун өзүнүн социалдык тармактардагы өздүк баракчалары аркылуу жазган.

«Менин баатыр ини-карындаштарым! Кыргыз элинин сыймыктуу уул-кыздары!Урматтуу Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Руслан Царев, Айпери Медет кызы жана Калы Сулайманов! Сиздерди Дүйнө кубогундагы жеңишиңиздер менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздер жалпы кыргыз элинин жеңиши. Тынымсыз аракет, машыгуулардын артында ушундай жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди жаратып жатасыздар. Бул эмгегиңиздер татыктуу бааланып, кыргыз эли өз баатырларын даңктап алат деген терең ишенимдемин.Биз, Сиздер менен сыймыктанабыз! Ооба, ашкере саясатташкан бийлик төбөлдөрүнүн кайдыгерлигинен, оор экономикалык жагдайлардан улам биз, сиздерге татыктуу колдоо көрсөтө албай келдик. Бирок, жакынкы аралыкта бул нерселерге чекит коюлат. Бизге сыймык алып келген уул-кыздарыбызга кеңири шарттар түзүлөт. Башкысы, бийик дух, намыс жана ишеним менен алдыга таштаган кадамыңыздарды ийгиликтер коштосун.Ушул постту жазып жатып, дагы бир кубанычтуу кабарды алдым. Самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда Карыяев Дайырбек, Бактияр уулу Шумкарбек, Абдумалик кызы Самара баштаган спортчуларыбыз 6 медалга ээ болушту. Бул кабар да мен үчүн абдан жагымдуу болду. Ийгиликтерибиз арта берсин!», — деп жазылат куттуктоо постунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

182