7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кыргызстан билимдүүлөрдүн өлкөсү болууга тийиш!

237

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун
шайлоо алдындагы “Келечекке кызмат” платформасында Билимдүү жаштар –
өнүккөн өлкө экени баса белгиленип, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл
бурулган.


Келечекке кызмат бүгүндөн башталат!

Бул үчүн биз билим берүү тармагын толугу менен реформа жасайбыз. Ал
реформа Жаңы мезгилдин ыргагында жаңы экономиканын талабына ылайык
болуусу абзел. Мектеп бүтүрүүчүлѳрү азыркы заманбап технологиялык билимдер
жана тажрыйбалар менен куралдануусу зарыл: программалоо, кѳп тилдүүлүк,
табигый-техникалык илимдерди терең ѳздѳштүрүү ж.б. Күтүүсүз жагдайдан
жаралган аралыктан билим алуу маселесин натыйжалуулукка жеткирүү күн
тартибиндеги эң башкы маселе. Аны биз жаңы ыкмалардын, адистерди
даярдоонун жана техникалык каражаттарды камсыздоонун жардамы менен ишке
ашырабыз” – деп жазылат платформада.

Бул оюн Садыр Жапаров эл менен жолукканда дагы баса белгилеп
айтууда. Чынында билим берүүнүн деңгээли Кыргызстанда барган сайын
төмөн түшүп, бул жаатта акыбал оорлоп баратканы көпчүлүккө
белгилүү. Бул көрүнүш жалпы коомчулукту тынсыздандыраары да турган
иш. Келечекти ойлоп, кабатыр болгон президенттике талапкер Садыр
Жапаров билим берүү жаатында бүгүндөн баштап ыкчам аракеттерди
көрө баштабаса, эртең кеч болуп калаарын белгилейт.

“Мен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын адистери
менен жолуктум. Көйгөйлөрүн уктум. Алар менен абдан узак жана кенен
сүйлөштүк. Көйгөй өтө көп. Бул жаатта ыкчам, чечкиндүү иш алып баруу
зарыл. Мугалимдер мага көп жылдардан бери чече албай келаткан көйгөйлөр
туурасында айтып беришти. Биринчиден, педагогдорду кесиптик жактан
натыйжалуу даярдоо. Аларга сапаттуу билим берүү. Экинчиден, квалификация
боюнча категорияларын кайра кайтарып берүү. Үчүнчүдөн, мугалимдер үчүн
ипотека, жеңилдетилген кредиттерди берип, үй менен камсыздоо, ошондой эле
керектөөчү товарларды, анын ичинде компьютердик техника алуу үчүн
жеңилдетилген насыялык пакеттерди иштеп чыгуу. Төртүнчүдөн, бардык
мугалимдердин социалдык жеңилдиктеринин тизмесин кеңейтүү жана аларды
камсыз кылуу. Булар: коммуналдык тейлөө, коомдук транспортто жүрүү,
милдеттүү жана зарыл болгон чыгымдардан башка статьяларды карып чыгуу.
Окуучулардын жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн меценаттык фонддор
аркылуу сыйлоо системасын киргизүүнү сунуш кылам”, – дейт Садыр Жапаров.

Билим берүү системасындагы дагы бир орчундуу көйгөй бул
мугалимдерге төлөнчү эмгек акынын аздыгы. Албетте, мугалимдер
жетиштүү көлөмдө айлык акы алып иштесе жакшы болорун белгилеген
Садыр Жапаров
.

Өлкө казынасында каражат жетиштүү болсо, атаганат мугалимдердин
айлыгын эки эмес, үч эсе жогорулатып берсек гана. Мугалимдерге алтын тоону
убада кылбайм. Бирок аракет кылам. Көйгөйдү убакыттын өтүшү менен
чечебиз. Биз мугалимдерге кам көрсөк, алар биздин балдарыбызга кам көрөт.
Балдарыбыз татыктуу билим алууга толук укуктуу”, – дейт Садыр Жапаров.

Кыргызстанда мугалимдердин билим деңгээли боюнча да сын-пикирлер
арбын. Жогорку окуу жайларындагы билим системасына канааттанбагандар
көп. ЖОЖдордо коррупция гүлдөп өнүккөнү эл арасында байма-бай
айтылып келет. Бул тууралуу Садыр Жапаров жогорку окуу жайлар боюнча
маселе өтө орчундуу экенин белгилейт.

Биринчи ишти ЖОЖдорго лицензия берүүнү татаалдаштыруудан баштоо
учурдун талабы. Буга чейин акчалуу байлар лицензия алып, жогорку окуу жай
ачып, сапатсыз билим берүүнү өркүндөтүп, билим берүүнү, биринчиден,
коррупция талкаласа, экинчиден, ошондой сапатсыз, жеке менчик айрым окуу
жайлар талкалабадыбы? Алардын көбү экономист, юристтерди окутуп
чыгарышат. Азыр өлкөдө кайсы кесиптин ээлери көп, албетте, юрист,
экономисттер. Өлкө азыр iT тармагы боюнча адисттерге, профессионал
энергетиктерге, инженерлерге, геологдорго, врачтарга, мугалимдерге
муктаж. Мына ушул көйгөйлөрдү биз жөнгө салабыз”, – деп белгилейт Садыр
Жапаров
.

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!


САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: « ____7tv.kg___ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 25-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

238