7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстандын алдыңкы жаштары менен жолугушту

212

Кыргызстандын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров 4-январда Бишкек шаарында жаштар менен жолукту. Аталган жолугушууга илим-билимде, ишкерликте, туристтик багытта жана башка бир топ тармактарда өлкөгө пайда алып келип жаткан жалындуу жаштар катышып, Садыр Жапаров менен ачык форматта кеңири маектешти.

Алар Садыр Жапаровго мамлекетти өнүктүрүү боюнча өзүлөрүнүн маанилүү долбоорлорун сунушташты. Ошондой эле жолугушууга чет өлкөлөрдө эмгектенип, окуп жана иштеп жүргөн айрым жаштар дагы онлайн шартында катышуу менен бирге суроо узатып – жооп ала алышты. Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, жаштарга өзгөчө көңүл бураарын, жаштар өлкөнүн негизги күчү экенин баса белгиледи.

Айкөкүл Маматова, Түркия мамлекети, Стамбул шаары, магистрант:


– Садыр Нургожоевич, Турцияда учурда 2000 миңге жакын студент,
магистранттар билим алып жатат. Студенттерди ойлондурган бир маселе
бар, ал мекенибиз Кыргызстандагы кадр саясаты. Биз окуубузду аяктап,
мекенибизге барсак, алган билимибизди Кыргызстандын өнүгүшүнө жумшасак
деген изги тилегибиз бар. Тилекке каршы, Кыргызстанда буга чейин
жаштардын ишке орношуусу кыйын болуп келди. Таанышы барлар гана иш
менен камсыз болуп, таанышы жоктор ишсиз жүрүшөт. Ошондой эле,
Кыргызстанда айлык акынын аздыгы да көйгөй жаратат. Мына ушундай
көңүлгө жакпаган көрүнүштөрдөн улам көпчүлүк жаштар Кыргызстанга
барбай, билим алган мамлекететте калып калгандары арбын. Сиз президент
болуп калсаңыз кадр саясатында кандай өзгөрүүлөр болот? Бул жаатта
кандай кадамдарга барасыз?

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

– Кыргыздар өзүбүздүн айылдаш, жердешчил, тууганчылдыгыбызга байланыштуу отуз жылдан бери кадр саясатында тыңгылыктуу иштер жүрбөй, мамлекетибиз аксап келди. Тактап айтканда, тааныш-билиши бар адамдар ишке орношуп, ошолордун гана иши жүрүп, башкалар четте калды. 30 жылдан берки көрүнүштү албай эле, акыркы он жылды ала турган болсок, 10 жылда парламенттик башкаруу деп коюп, бийликке келген беш партиянын үчөө биригип коалиция түзүп, көпчүлүк коалицияны түзгөн үч партия бүтүндөй мамлекетти бөлүп алып, ар бир депутат өзүнүн тууган-урук, жек-жаат, жакындарын мамлекеттик ар кандай кызматтарга дайындоо менен устукан бөлүштүргөндөй гана бөлүштүрүп келишти. Бир нерсе десең, ал киши партияга жакшы иштеп берген, жакшы добуш алып берген деген жоопторду айтып жатышты. “Кесипкөй, ишин билет” – деген критерий айтылбай, “жакшы адам” – деген критерий көп айтылып жатты. Мындан ары мамлекеттик кадр саясатында “жакшы адам” деген сөз айтылбайт, жакшы кадр, иш билги адис деген сөз айтылышы керек. Адамдын баары жакшы. Жаман адам аз! Бирок иш билген кадрлар көп болушу керек. Менин тууганым эле, кудам эле деген түшүнүк болбойт. Биз бул көрүнүшкө толук бөгөт коёбуз. Айылдагы кетмен чапкан дыйкандын уул-кызы болобу же акимдин баласы болобу, айтор кимиси болбосун мамлекеттик сынактын негизинде тандалып ишке орношот. Сынак ачык, калыс өткөрүлөт.


Бул биздин негизги принциптерибиздин бири болуп эсептелет. Буга чейин бардык министрликтерде, облусттук админстрацияларда, Жогорку Кеңеште, анын аппаратында жалаң депутаттардын тааныштары иштеп алышкан. Кадрдык реформа болжол менен апрель, май айларында башталат. Анткени жаңы Конститутция кабыл алынып, жаңы мыйзамдар менен реформа жасайбыз. Жаңы структуралар түзүлөт. Баардыгын өзгөртөбүз. Мамлекеттик кызматта 3 же 5 жыл иштебеген жаран сынакка катыша албайт деген норма бар. Бул норманы карап чыгабыз.


Окууну бүткөн таланттуу, ишке жөндөмдүү, билимдүү кадр эмнеге сынакка катыша албашы керек. Бул жагдай эске алынат. Албетте, эмгек акынын аздыгы маселе жаратат. Көрүп атасыздар, мамлекетибиздин акыбалы оор. Казынада акча жок. Эми жаштар туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ишке алынган соң аз айлык менен болсо да иштеп турсаңыздар, бир эки жылдын ичинде казынабызга акча толот. Биз ага күнү-түнү иштеп аракет кылабыз. Казынабызда акча көбөйсө, анан албетте, айлык акы көбөйөт, пенсия, пособиени көбөйтөбүз. Казынада акча көбөйсө, айлык акы, пенсия, пособиени бир эмес, үч эсе жогорулатсак болот. Учурдан пайдаланып, чет өлкөдө жашап-иштеп жүрөн билимдүү жаштарга кайрылат элем. Келип ишке орношуңуздар. Айлык акынын аздыгына карабай, мамлекет үчүн иштеп берсеңиздер. Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөлү!

Эрлан Токолов, Москва шаары, Ашкана фабрикасы, ашпозчу:

– Садыр Нургожоевич, жалпы Москвадагы мигранттардын атынан Сизге
кайрылуу. Кыргызстанга инвесторлорду тартсаңыз, завод-фабрикалар
жанданса, жумуш орундары түзүлсө, биз мекенибизге барып иштесек.
Төмөнкү пайыздагы ипотекалык кредитке үй алсак, Бишкек шаарына көп
кабаттуу үйлөр курулса деген тилегибиз зор. Президент болуп калсаңыз, ушул
маселени эске алсаңыз жакшы болоор эле?

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

– Завод-фабрикаларды кайра жандандыруу боюнча долбоорлорду карап жатабыз. Кайсы заводдорду кайра ишке киргизсе болот деген маселе каралууда. Мамлекеттин күч жете турган фабрикаларды мамлекет өзү иштетип, мамлекеттин күчү келбегендерди инвесторлор иштетиши шарт. Инвесторлор бар. Сүйлөшүүлөр жүргөн. Президент болуп калсам, сүйлөшүүлөр дагы уланат. Бир ай бийликте турган учурда 100гө жакын инвесторду кабыл алдым. Баары тең Кыргызстанга инвестиция салууну каалашат. Алар буга чейин деле Кыргызстанга бир топ иш кылышмак экен. Бирок буга чейинки бийликтегилер алардан акча сурап, иштетпей келишиптир. Мисалы, Бишкектин Батыш тарабы “Манас” эл аралык аэропорту жакка көп кабаттуу үйлөрдү куруп, шаар курууну көздөгөн инвесторлор келип жер сурашса, биздин майда чиновниктер “баланча акча бизге бергиле” деп алардан акча сураптыр. Алар ага макул болбой кетип калышыптыр. Бизден кетип алар Астана, Алма-Атага көп кабаттуу үйлөрдү куруптур. Ташкентке барып шаар салышыптыр. Айтор көп иш кылышыптыр. Мен бийликте турганда, алар мага келди. Жолугуп сүйлөштүк. Биз алар менен бирге Бишкектин ар тарабына заңгыраган көп кабаттуу үйлөрдү тургузуп, шаарча салалы деп жатабыз. Бир эле Бишкекке эмес, облустарга дагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу планыбыз бар. Кудай буйурса, бул ишке аша турчу план. Элибизди, жаштарыбызды үй менен камсыздоо – башкы максатыбыз!

Максат Талантбек уулу, Түштүк Корея мамлекети, Сеул шаарынын жашоочусу:


– Садыр Нургожоевич, Кыргызстанга инвестор тартуу үчүн биринчи кезекте өлкөгө туруктуулук, мыйзамдуулук керек. Мен буга чейин инвесторлорду Кыргызстанга алыпбаргам. Бирок чиновниктердин жеке кызыкчылыктарынан улам, инвесторлор иштешүүдөн баш тартышкан. Түштүк Кореяда инвестор болчулар көп. Бирок алар Кыргызстанга ишенишпейт. Сиз туруктуулукту камсыздап, өлкөгө мыйзамдуулукту орнотсоңуз?

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

– Жогоруда бийликте турган бир айда 100гө жакын инвесторду кабыл алганымды айтпадымбы!? Ошол келген инвесторлордун 70ге жакыны мурда келип чиновниктер менен тил табыша албай, майда чинвониктердин акча суроосунан баш тартып, иштебей кеткендер экен. Инвестор десе эле андан акча өндүрүп алууну эңсегендер, биздин өлкөдө өтө көп. Жада калса мага жолуктурам деп, инвесторлордон акча сураган ортомчулар да болгонун уктум. Инвестордун мени менен жолуккан жарым сааттык убактысынан 50 миң, 100 миң доллар өндүрүп алгысы келгендер бар экенин угуп таң калдым. Мурдагы бийликтегилердин тушунда инвесторлордун акчасын алып, ишин бүтүрбөй койгон чоңдор да бар. Алардын кимдер экенин айтпай турайын, убагы келгенде угасыздар. Мындан ары инвесторлорго бут тосуу деген болбойт! Инвесторлор эркин иш алып барууга тийиш. Кыргызстанга кызыкдар болгон инвесторлор көп. Мага жолуккан инвесторлодун арасында “биз иштейт элек” деп, бир долбоорду үч инвестор талашкан учур дагы болду. Көбүнчө инвесторлор өлкөбүзгө ГЭСтерди куруу, көп кабаттуу үйлөрдү салуу, айыл-чарба багытында иш алып барууга кызыдар. Чакан жана ири ГЭСтер курулса, айыл-чаба багытындагы бош жаткан жерлер иштетилсе, көп кабаттуу үйлөрдү курсак, эң сонун болбойбу?!

– Садыр Нуркожоевич, жаштардын демилгесин колдой турган, жаштарга гарант болуп бере турчу бир орган болсо!? Өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия агенттиги жаштар менен иш алып барат дегени менен алар спортко басым жасап, жаштардын иши көп учурда четте калууда. Ушуга көңүлүңүздү буруп койсоңуз?

– Сиздин айтканыңызга, мен дагы кошулам. Сиз атаган Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги спортко көңүл буруп эле, жаштардын иши четте калыптыр. Жаңы Конституцияда жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Мурдагыдай жаштар министрлигин түзүү деген болбойт. Жаштар менен азыркы эле жогоруда аталган Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги иш алып бармакчы. Бирок анын иши күчтөндүрүлөт. Алар азыркыдай жаштарга кайдыгер мамиле жасабайт.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2021-жылдын 05-январда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

213