7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Кыргызстандын банктарына санкция салуу — далилсиз кадам

17

Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчысы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады.

 Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Бул жолу өлкөбүздүн финансы тутумуна байланышкан суроолорубузга жооп алсак.

Улуу Британия өкмөтү “Борбордук Азия Капитал Банкы” банкына карата санкция киргизгенин билдирди. Себеп катары бул финансылык мекеме Россияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн деп айтылды. Январда кыргызстандык “Керемет банкка” АКШ санкция киргизгени белгилүү болгон.

Буга чейинки маектериңизде сиз Кыргызстан Россияга киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербей эле экенин белгилегенсиз. Эми бул чараларга карата кандай комментарий бересиз? Кыргызстанга таасири кандай болот?

 Ооба, туура айтасыз. Январь айында «Керемет банкка» Америка санкция киргизген. Өзүңүз суроо бергендей, «Керемет банк» санкцияларды кыйгап өтүшү мүмкүн» деп.

Бирок санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес. Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок. Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик “Керемет” банк рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казнага түшсүн деп рублди “Керемет банкка” байлаганбыз. Азыр деле “Капитал банк” таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп атат.

Америка санкция салгандан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Американын биздеги элчиси Лессли Вигерини чакырып алып бул эмне кылганыңар деп баарлашкан. Ал OFAC (ОФАК — чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык) билет деп кутулган. Амангелдиев баштаган делегация Америкага ОФАКка чейин барып жолугуп келишкен.

Биз көз каранды эмес аудитордук компанияларды чакырып “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели. Жыйынтыгын чогуу карап, анан чечим чыгаралы деп элчи Вигериге сунуш бергенбиз, бирок алар баш тартышкан.

Алар да бир факт бере алышкан эмес. Жөн гана бизде ошондой маалыматтар бар деп кутулушкан. Ал маалыматтарын биз жакшы билебиз. Бул жакта олтурган НПОчулар менен биздин ички душмандар анонимдүү жалган маалыматтарды жиберишкен.

Азыр да жиберип турушат. Анан ошол жалган маалыматтарга таянып санкцияга киргизип коюшкан. Бирок ал маалыматтарын да көрсөтө алышкан эмес. Анан биздин делегация ОФАК менен да Американын биздеги элчиси Лессли Вигери менен да акылдашып, рубль менен “Капитал банк” иш алып барсын, бул дагы 100 пайыз мамлекеттик банк, Каржы министрлиги көзөмөлдөйт, ачык отчет берип турат деп рублди “Капитал банкка” байлаганбыз. Себебин жакшынакай түшүндүргөнбүз.

Россияда биздин миллионго жакын мигранттар бар. Алар бул жакка күнүгө миллиарддаган рубль которушат. Аларды конвертация кылып берип турушубуз керек деп.

Эми минтип дал эле “Кереметбанкка” Америка санкция салгандай “Капитал банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДПбыз 11, 7 пайызга чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да.

Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат.

Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр.

 “Борбордук Азия Капитал Банкы” банкына карата санкция кириши менен Россияга басым болобу же биздин өлкө эле кыйналабы?

 Россиянын кылы кыйшайбайт. Чынын айтсам “Капитал банк” да кыйналбайт.

Каржы министрлигинин алдында кандай иштесе ошондой иштей берет. Пайдасын мамлекетке бере берет.

Россияга санкция киргизип койду эмне өзгөрдү. Тескерисинче, санкция киргенден кийин Россия көп тармактан өздөрүнүн өндүрүштөрүн, айыл чарбасын жогорку деңгээлге чыгарып алышты. Мурда импорт кылып жатышкан продукцияларды азыр экспорттоп атышат. Газ менен нефтисин мурда кандай экспорттосо азыр деле ошондой экспорттоп атышат.

Мисалы, Россиянын Сбербанкына санкция киргенден кийин бир жылдык таза кирешеси 2024-жылы 4,8% өсүп, 13 млрд. доллардан ашкан.

Албетте айрым тармактарда санкциянын кесепети бар. Бирок таптакыр эле мөгдүрөп калгыдай эмес. Мунун баарын биз анализдеп, көрүп турабыз да. Санкция киргизип жаткан Батыш өлкөлөрү деле билишет. Өздөрү деле Россия менен соода сатык кылып жатышат.

2024-жылы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Россия менен 141 млрд долларга соода сатык кылышкан. Тактап айтканда Европа өлкөлөрү Россиядан 36 млрд долларга товар импорттогон.

Ал эми, биздин банкка санкция киргизген Улуу Британия өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 млрд долларга соода жүргүзгөн. Бул деген өзүбүздүн муктаждыктар үчүн Россия менен деле иштеше беребиз деген кеп да?

Жогоруда айткандай биздин банктар Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин акча которууларын эле тейлеп атат да. Бул деле алардыкындай биздин муктаждык.

Ошондуктан башкалардан бир нерсени талап кылаардан мурда ошол ишке өзүң үлгү болушуң керек.

Биз өзүбүздүн күчүбүз менен экономикабызды жогорулатып келе жатабыз. Анан ушул сыяктуу өнөктөштүккө туура келбеген кадамдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп түшүнсө да болот.

Мен дайым айтып келгем, дагы бир жолу эскертем. Биз эл аралык милдеттенмелерди сактоого даярбыз. Сактап келгенбиз, сактап жатабыз, сактап келебиз.

Бирок мен биздин жарандардын кызыкчылыктарын, мамлекеттин соода-экономикалык өнүгүүсүн жокко чыгарууга жол бербейм. Санкциялык басым менен деле күнүмдүк оокатыбыз жүрө берет.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

18