7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кыргызстандын Мажарстандагы элчилигинин жаңы имаратында болду

286

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Мажарстан Республикасына иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратында болду.

Президенттин тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын январь айында дипломатиялык өкүлчүлүк мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, административдик жайларды көрүп чыгып, дипломатиялык миссиянын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров мамлекет мындан ары да чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого биринчи кезекте көңүл бура турганын баса белгиледи.

«Биз дүйнө жүзү боюнча мүлктөрдү сатып алууну улантып жатабыз. Акыркы 30 жылда биз Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда мүлктөрдү ижарага алганбыз. Эгерде биз имараттарды 10 жыл мурда сатып алсак, эмдигиче өз баасын актамак. Ошону менен бирге мүлк Кыргызстандын менчигинде түбөлүккө калмак», — деди Президент Садыр Жапаров жана дипломаттарды ошондой эле мамлекеттин балансында туруучу кызматтык батирлер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

Жалпы аянты 480 чарчы метр болгон Элчиликтин имараты Будапешттин престиждүү жана көрктүү бөлүгүндө жайгашкан.

287