7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

308

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга иш сапары менен барат.  Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясат маселелерин талкуулашат.

Тяньцзин саммитинин жыйынтыгында Уюмга төрагалык Кыргыз Республикасына өтөт, буга байланыштуу Мамлекет башчысы саммитте биздин өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын тааныштырат.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Тяньцзин декларациясына кол коюлат.

309