7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Өлкөбүз үчүн калктын саламаттыгы башкы орунда

186

Калктын саламаттыгы – бул мамлекеттик жана экономикалык кубаттуулуктун
негизги фактору. Пандемия системанын чабал жерлерин: адистердин
тартыштыгын, материалдык-техникалык базанын чабалдыгын, тармакты
каржылоонун жетишсиздигин көрсөттү. Эң башкысы, бийликтин чечкиндүү иш-
аракеттерге даяр эместиги “КОВИД” илдетинин биринчи толкунундагы иштин
натыйжасыздыгынын себепкери болду. Саламаттыкты сактоо тармагына
жумшалуучу бюджеттик чыгымдардын үлүшү, эң эле аз дегенде, эки эсеге
көбөйүүсү зарыл. Мындай көбөйтүүнүн булагы болуп, чиновниктердин жана
депутаттардын аппаратын оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн каражаттар
эсептелет.

Садыр Жапаров медицина тармагына өзгөчө көңүл бурууну көздөйт жана
бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасайт.


“Саламаттыкты сактоодогу орчундуу көйгөй ак халатчандардын айлык
маянасынын аздыгы. Биринчи, ушул маселени жөнгө салуу керек. Экинчи,
ооруканаларды жаңылоо, кошумча жаңы ооруканаларды куруу жана аларды жаңы
заманбап шарттагы медициналык жабдуулар менен камсыздоо учурдун талабы.
Кадрлардын билимине өзгөчө көңүл буруу, медициналык окуу жайларда билим
берүүнүн сапатын жакшыртуу, сапаттуу кадрларды даярдоо башкы маселе”,
–дейт Садыр Жапаров.


Ошондой эле ал, саламатттыкты сактоо тармагын реформалоо
боюнча буга чейинки иш-аракеттерди жокко чыгарып, реформаны
башынан баштоо зарылдыгын белгилейт.

“Медицина тармагындагы абал билим берүүдөн да оорураак. 30 жыл ичинде бул
тармакты реформалайбыз деп жатышып такыр талкалап салышкан. Жаңы бир
нерселерди жасайбыз деген аракет менен медицинанын дүйнөлүк үч системасынан
бирдемелерди алып чампалоого аракет жасашкан. Бирок, натыйжада аталган
тармак оңолмок турсун, мокочого айланып калган. Дүйнөдөгү эң начар, жараксыз
саламаттыкты сактоо тармагын элестеткиңиз келсе, анда ал Кыргызстанда дей
берсеңиз болот. Айтор, медицина тармагындагы буга чейинки иш-аракеттердин
баарын жокко чыгарып, жаңыланууну кайра башынан баштоо керек. Маселен, акыр-
чикирге толгон батирди элестетиңиз. Анын баарын ыргытып, тазалап чыкмайынча
ремонт жасоого болбойт, туурабы? Медицинадагы абал да бүгүнкү күнү ушундай.
ММКФ (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) мекеменин ишин карап
чыгуу керек. Дегеле, бул эмне болгон структура, кылган иши эмне, акчаны кантип
чогултат, кайда жумшайт, аныктоо керек”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Медицина жаатында бүгүнкү күндө коррупция гүлдөп өнүккөнү, дарыгерлер
кишини акысыз дарылабашы бештен белгилүү. Ошондой эле бул тармакта
бюрократия да күчтүү өнүккөн. Мындай элди кыйнаган, чиеленишкен көйгөйлөрдү
чечүү үчүн Садыр Жапаров конкреттүү кадамдарга баруу керектигин билдирет.

“Медицинада бири-бирин кайталаган жүздөгөн функциялар бар, бюрократия
дегенден үрөй учат. Тийиштүү чечим кабыл алып, жооп бере турган борбор жок. Дары-
дармектин, дарыгерлердин жетишсиздигин айтпай эле коелу. Муну пандемия
кырдаалы ачык көрсөттү. Системасы кандай иштеп жатканын Саламаттыкты
сактоо министрлиги жада калса, өзү да тыңгылыктуу билбейт. Анан врачтардан биз
эмнени талап кыла алабыз? Ошондуктан, биз ал жактагы көйгөйдү чечүүгө билек
түрүп киришчү учур келди”, – деп билдирди Садыр Жапаров.


Өлкөбүз үчүн калктын саламаттыгы эң башкы орунда!
КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!
САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 30-декабрда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

187